Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу, архитектура, транспорт жана экология жаатындагы эксперттерди жана адистерди 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоорун презентациялоого жана эксперттик талкуулоого катышууга чакырат.
Иш-чара 2025-жылдын 2-декабрында саат 15:00дө төмөнкү даректе өтөт: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17/7, Жаштык Арена.
Жолугушуу учурунда иштеп чыгуучулар Башкы пландын долбоорун тааныштырышат, андан кийин чакырылган эксперттер менен эксперттик талкуу өткөрүлөт.
Кызыккан катышуучулардан 0709081104 номерине чалып, катышуусун алдын ала ырастоону суранабыз.
Өздүк маалыматты тастыктаган документтер болушу талап кылынат.