2025-жылдын 30-ноябрында «Алга» спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Бекболиев Шарбек Жусупбековичтин жаркын элесине арналган чоңдор арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Мелдеш чоңдор үчүн, UWW эрежелерине ылайык уюштурулган.

Турнирге Казакстан, Тажикстан сыяктуу КМШ өлкөлөрүнөн мыкты балбандар, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда.

Ачылыш аземине Ш. Ж. Бекболиевдин туугандары, жакындары жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Ал өз сөзүндө, Бишкек шаарынын мэриясы мындан ары да спорттун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү менен бирге, эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө жана машыгуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө басым жасарын белгиледи. Ошондой эле бардык катышуучуларга жогорку жетишкендиктерди жана жаркын жеңиштерди каалады.

Мелдешке 2008-жылы туулгандар жана андан улуу спортчулар катыша алышат. Спорттук беттештер төмөнкү салмак категориялары боюнча жүргүзүлөт: 57 кг, 65 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг жана 125 кг.

I, II жана III орунду ээлеген спортчулар медаль, диплом жана уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер менен сыйланат.