КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоону көзөмөлдөө үчүн Кыргызстанга келген КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Эл аралык байкоочулар миссиясынын сапарынын алкагында борбордогу Жеңиш мемориалында гүл коюу аземи өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков катышып, муниципалитеттин атынан КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын делегациясынын мүчөлөрүн жылуу кабыл алып, демократиялык институттарды, парламентаризмди өнүктүрүүдө жана жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууда эл аралык кызматташтыктын маанисин баса белгиледи.

Иш-чара Жеңиш мемориалында өтүп, анда Миссиянын өкүлдөрү, КМШга мүчө мамлекеттердин депутаттары жана сенаторлору Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскеришти.

Бишкек мэриясы уюштуруучуларга эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана тарыхый эстеликтерге болгон урматтоо  салтын колдоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет.