2025-жылдын 28-ноябрында мэрдин орун басары Виктория Мозгачеванын төрагалыгы астында Саламаттыкты сактоону башкаруу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү, ага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында борбор калаадагы курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча учурдагы эпидемиологиялык кырдаал каралды.
Талкуудан кийин санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо, билим берүү мекемелериндеги чыпкаларды күчөтүү, бала бакчаларда жана мектептерде балдардын катышуусун көзөмөлдөөнү улантуу жана коомчулукту маалымдоо иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Мезгилдик оорулардын жайылышын алдын алуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тургундарга төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- эл көп топтолгон жерлерден алыс болуңуз;
- курч респиратордук вирустук инфекциялардын белгилери пайда болсо, өз алдынча дарыланбаңыз жана тезинен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз;
- үйдөн чыкканда медициналык бет каптарды кийиңиз;
- бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруңуз жана мүмкүн болсо, аба тазалагычты колдонуңуз;
- жеке гигиенаны сактаңыз жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуңуз.
Ошондой эле, иммундук системаңызды чыңдоо алдын алуунун маанилүү элементи экенин эскертебиз. Жетиштүү уйку, тең салмактуу тамактануу жана физикалык активдүүлүк оорунун коркунучун азайтууга жардам берет.
Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте эпидемиологиялык кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп, тургундарды этият болууга, өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кам көрүүгө чакырат.


