«Жаштык» спорт комплексинде Ю.А. Посевин атындагы эл аралык өспүрүмдөр клубдук чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышты. Ал өз сөзүндө борбор калаанын муниципалитети спортту өнүктүрүүгө, жаштарды колдоого жана дени сак жашоо образын жайылтууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгиледи.
«Биз спорттук иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө шарттарды түзүү үчүн заманбап спорттук комплекстерди куруудабыз. Мисалы, көп функционалдуу "Алга" спорт комплекси. Бүгүнкү иш-чараны өткөрүп жаткан, 5000 көрүүчүгө ылайыкталган "Жаштык" аренасы. Бул арена жаш спортчулар үчүн шыктануунун булагы жана ийгиликтин символу болот деп ишенем. Бишкек шаарынын мэриясы массалык жана профессионалдык спортту өнүктүрүү, жаңы заманбап спорттук комплекстерди куруу боюнча иштерин уланта берет», - деп белгиледи мэр.
Иш-чаранын ардактуу коногу катары мэрге биринчи символикалык оюнду көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилди, андан кийин ал жаш спортчулар менен бир нече жолу оюн өткөрүп, чемпионаттын катышуучуларын колдоду.
Мелдештерди Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте "Стол тенниси Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси уюштурууда. 2025-жылдын 28-30-ноябрында өтүүчү чемпионат коңшу өлкөлөрдөн келген жаш спортчуларды чогултту.














