Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү  департаментинин социалдык мекемелеринин кызматкерлери үчүн «Ардагер» шаардык геронтологиялык борборунда инклюзия боюнча тренинг өткөрүлдү.

Тренингди майыптуулук маселелери боюнча эл аралык эксперт Рахат Орозова жана Кыргыз дүлөй жана азиздер коомунун (КОС жана КОГ) мүчөсү Алия Турдиева алып барды. Иш-чарага ошондой эле аталган коомдун курамындагы азиздер үчүн китепкананын директору Кундуз Касымбаева да катышты.

Тренингдин максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана муктаждыктары тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле ар кандай топтогу майыптыгы бар адамдар (физикалык, сенсордук, психосоциалдык, интеллектуалдык жана майыптуулук) менен иштөө боюнча адистердин көндүмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар майыптуулук маселелерине укуктук жактан караган ыкмаларды үйрөнүштү, чечим кабыл алууда майыптыгы бар адамдардын жамааты менен өз ара аракеттенүү жолдорун карашты, чөйрө менен кызматтардын жеткиликтүүлүгүн баалоо көндүмдөрүн өздөштүрүштү жана инклюзияны күнүмдүк кесиптик практикасына натыйжалуу киргизүү методдорун карап чыгышты.