2025-жылдын 28-ноябрында «Газпром – балдарга» дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Рамис Чыңгышпаевдин жаркын элесине арналган «RAMIS CUP IV» эл аралык турниринин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.

Өз сөзүндө «RAMIS CUP» турнири жаш спортчуларды жана бир нече өлкөлөрдү бириктирген жакшы салтка айланганын белгиледи. Ошондой эле мэрия спорттун өнүгүшүн туруктуу колдоп, жаштардын машыгуусу жана эл аралык мелдештерге катышуусу үчүн бардык шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи.

Ачылыштын алкагында 2025-жылы Италияда өткөн эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан таэквондо ITF боюнча дүйнө чемпиондору сыйланды.

Салтанаттуу бөлүккө спецназ кызматкерлеринин көрсөтмөлүү чыгышы көрк кошту. Бул көрүнүш иш-чаранын эң таасирдүү жана эсинде калаарлык учурларынын бири болду.

«RAMIS CUP IV» эл аралык турнири 28–29-ноябрь күндөрү өтөт. Мелдешке Кыргызстан, Казахстан жана Өзбекстандан келген спортчулар, ошондой эле өлкөнүн аймактарынан жана Бишкек шаарынан келген жаш таэквондочулар катышууда. Татамиге 6–7 жаш жана андан улуу курактагы спортчулар чыгышат.

Турнир төмөнкү дисциплиналар боюнча өтөт:
•жеке программалар: жеке спарринг, жеке туль;
•командалык программалар: командалык спарринг жана командалык туль.

2025-жылдагы турнирдин өзгөчөлүгү — Кыргызстан менен Казакстан спортчуларынын үч салмак  категориясы боюнча профессионалдык беттештери болду.