Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кезексиз шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өттү. Жыйынга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев төрагалык кылып, ага укук коргоо органдарынын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Борбор калаанын төрт административдик районунун башчылары участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыгы жана жергиликтүү деңгээлде аткарылган уюштуруу иштери жөнүндө маалымат беришти.
Мэр Айбек Джунушалиев шайлоо өнөктүктөрүндө мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ар бир адамдын жеке жоопкерчилигин эскертти. Ошондой эле, ал №203 МАБдын башчысы шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ички иликтөө жүргүзүлгөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетилгенин билдирди.
Мэр ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шайлоо күнү коомдук тартипти сактоону тапшырды.
Жыйындын жыйынтыгында район акимдерине жана шаардык кызматтардын жетекчилерине бардык уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү, анын ичинде бардык участкалык шайлоо комиссияларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, туруктуу интернет байланышын көзөмөлгө алуу тапшырылды.

