Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу жана жашыл фондун көбөйтүү максатында,  2025-жылдын 27-ноябрында Экокеңештин чечимине ылайык, борбор калаабызда мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда кезектеги көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул ирет көчөт отургузуу иши Свердлов районуна караштуу аймакта жүргүзүлүп,  катальпа жана акация дарактары отургузулду.

Жашылдандыруу иштери — Бишкек шаарынын экологиялык муктаждыктарын эске алуу менен пландалган стратегиялык багыттардын бири.

Көчөт отургузуу иштери этап-этабы менен улантылып, отургузулган көчөттөрдүн тамыр алышы боюнча  туруктуу көзөмөл жүргүзүлөт.

Көчөттөрдүн сапаттуу өсүшүн камсыздоо үчүн адистер тарабынан алдын  ала топурактын абалы текшерилип, тиешелүү сугаруу жана агротехникалык иштер аткарылды.

“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы  жашылдандыруу иштери жыл аягына чейин шаардын башка райондорунда да жүргүзүлөрүн маалымдайт жана шаар тургундарын экологиялык демилгелерди колдоого чакырат.