Бишкекте №33 орто мектептин базасында тарбиялык иштер боюнча жаш директордун орун басарлары, социалдык педагогдор жана мектеп психологдору үчүн семинар болуп өттү. Иш-чара санариптик чөйрөдө жана бүгүнкү билим берүү системасындагы өсүп жаткан чакырыктар шартында мектеп менен үй-бүлөнүн эффективдүү өз ара аракеттенишүүсүнө арналды.
Мектеп администрациясы, анын ичинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары, социалдык кызматкер жана мектеп психологу, балдардын гармониялуу өнүгүүсүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мугалимдердин, класс жетекчилеринин жана ата-энелердин ортосундагы биргелешкен ишти уюштуруу боюнча тажрыйбаларын көрсөтүштү.
Семинардын алкагында «Инновацияларды, лидерликти жана адам ресурстарын өнүктүрүү фонду» коомдук фонду «ДемиАрт» театрынын артисттери менен биргеликте форум-театр формасындагы «Өзгөрүүлөр театры — коопсуз мектептерге жол» аттуу социалдык спектаклин тартуулады. Катышуучулар спектакилди көрүп эле тим болбостон, анда көтөрүлгөн маселелердин чечимине өз варианттарын сунуштап, каармандардын ролунда да катышып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар баланы тарбиялоого катышкан бардык чоңдордун биргелешкен аракетинин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Семинардын негизги мааниси: «Чоңдор бала үчүн биригкен жерде өсүү чекити пайда болот. Мектеп бардык нерсени билгенде эмес, ар ким өз ишин чын дилден аткарганда күчтүү болот».
Семинар кесиптик алмашуу, учурдагы кыйынчылыктарды талкуулоо жана коопсуз жана камкор билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн заманбап ыкмаларын издөө үчүн маанилүү аянтчага айланды.





