2025-жылдын 21–24-ноябрында Казакстандын Астана шаарында өспүрүмдөр арасында өткөн «Самбо лигасы» эл аралык турнири болуп өттү.

«Ак Илбирс» спорт мектебинин тарбиялануучулары мыкты катышып, 3 алтын жана 4 коло медаль жеңип алышып, Бишкек самбочуларынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдешти.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери:

Камчыбеков Бахтияр — 53 кг — 1-орун;

Максутов Умар — 64 кг — 1-орун;

Манченко Артур — 98 кг — 1-орун;

Ашымбеков Эльмар — 58 кг — 3-орун;

Талипов Алтай — 53 кг — 3-орун;

Нармырзаев Нурсултан — 88 кг — 3-орун;

Шамшыбеков Арсен — 71 кг — 3-орун.