«Жаш мугалимдин депозити» программасына катышууну каалаган талапкерлер ушул жылдын 5-декабрына чейин райондордун Билим берүү башкармалыктарына арыз тапшырып, дипломунун көчүрмөсүн жана мектеп директорунан берилген кепилдет катын кошо берүүлөрү зарыл.

9-декабрда сынактын биринчи этапы – тестирлөө өткөрүлөт, аны сөзсүз түрдө ийгиликтүү тапшыруу маанилүү.

11–12-декабрь күндөрү сынактын экинчи этабы – маектешүү  болот.

Конкурска катышуу үчүн негизги талап: талапкер 2025-жылкы ЖОЖдун бүтүрүүчүсү болушу керек.

Тандоо этаптарынан кийин болгону 100 катышуучу гана аныкталат. Алар «Жаш мугалимдин депозити» программасына катышуу аркылуу болжол менен 90 миң сом ала алышат.