2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясында Кытай Эл Республикасынын Хэнань провинциясынан келген делегация менен жумушчу жолугушуу болуп өттү. Делегациянын курамына Henan Water Construction Group компаниясынын жана аффилирленген уюмдардын өкүлдөрү кирди.

Делегацияны Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу маселелери боюнча Хэнань провинциясынын атайын өкүлү, Чжэнчжоу шаардык кеңешинин мүчөсү   Чан Чжэн мырза  жетектеди.

Кыргыз тараптан сүйлөшүүлөрдү Бишкек шаарынын мэринин орун басары, отун-энергетикалык комплекси департаментинин директору Нургазы Курманбеков, ошондой эле шаарды өнүктүрүүгө тиешелүү багыттар боюнча иш алып барган тиешелүү муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаары менен Хэнань провинциясынын ортосундагы кызматташууну төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңейтүү маселелерин талкуулашты:

-Бишкек жана Чжэнчжоу шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилесин орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо;

-гидротехникалык курулуш тармагы боюнча кызматташуу, анын ичинде электр энергиясын өндүрүүгө байланышкан объектилерди өнүктүрүү;

-скважиналарды бургулоо жана борбордун суу менен камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды колдонуу;

-"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы үчүн суу эсептегичтерди жана адистештирилген өлчөөчү жабдууларды орнотууну кошо алганда, суу ресурстарын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүүнүн заманбап системаларын ишке ашыруу;

-шаардык башкаруу, суу ресурстары жана коммуналдык технологиялар багыттары боюнча Хэнань провинциясынын тийиштүү мекемелеринде муниципалдык адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар практикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана конкреттүү техникалык жана уюштуруучулук чечимдерди иштеп чыгууга өз ара кызыкдар экендигин белгилешти.

Бишкек шаарынын мэриясы инженердик жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган биргелешкен иштерге даярдыгы жана ачык мамилеси үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.