Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу, архитектура, транспорт жана экология тармактарындагы эксперттерди жана адистерди 2050-жылга чейин Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн Башкы планынын долбоорунун презентациясына жана эксперттик талкуусуна катышууга чакырат.
Иш-чара 2025-жылдын 2-декабрында саат 15:00дө төмөнкү даректе өтөт: Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., 17/7, «Жаштык Арена».
Жолугушуу маалында долбоордун иштеп чыгуучулары Башкы пландын долбоорун сунуштап, андан кийин чакырылган адистердин катышуусунда эксперттик талкуу болот.
Иш-чарага катышууну каалагандар алдын ала 0709 08 11 04 телефону аркылуу катышуусун тастыктап коюусун өтүнөбүз.
Өзүңүз менен өздүктү тастыктоочу документтериңиз болушу зарыл.


