Бишкек шаарынын мэриясынын комиссиясынын чечимине ылайык, Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 216 чарчы метр болгон «Боорукер» кичи базарын ыктыярдуу түрдө демонтаждоо иштери башталды.

Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан билдирүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, объект ээси тарабынан алынууда.

Бошотулган аймакта жашылдандыруу иштерин жүргүзүү пландалууда.