Бүгүн борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерге — курулуп жаткан бала бакчаларга, жол курулуштарына жана көмүр базаларына көчмө жыйын өткөрдү.
Биринчи объект Ак-Өргө конушундагы бала бакча болду. Аянты 0,39 гектар болгон тилкеде жалпы 877 чарчы метр аянтты ээлеген эки кабаттуу имарат курулууда, ал жаңы методика боюнча 280 балага эсептелген. Бала бакчада оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, ашкана, медициналык кабинет, кир жуучу жай, методикалык кабинеттер, музыка-спорт залы, логопед кабинети жана бардык зарыл техникалык жайлар каралган. Аймакта оюн аянтчалары орнотулуп, өзүнчө откана курулган, жашылдандыруу иштери бүткөрүлгөн. Курулуш 90%га аяктап, объект ачылышка даярдалууда.
Кийинки объект Арча-Бешик конушундагы бала бакча болду. Бул жерде аянты 0,27 гектар болгон тилкеде 570 чарчы метр аянттагы Т-түрүндөгү эки кабаттуу имарат курулууда, ал 180 балага ылайыкталган. Ичинде оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, ашкана, медкабинет, изолятор, кир жуучу жай, жетекчи жана методисттин кабинети, музыкалык зал жана чарбалык бөлмөлөр каралган. Мэр подрядчыга курулуш темпин тездетүүнү жана сапатты камсыздоону тапшырды.
Андан соң шаар башчысы Чолпон көчөсүндөгү Долон бий көчөсүнөн Тагай бий көчөсүнө чейинки жол курулушунун жүрүшү менен таанышты. Жаңы жол тилкесинин узундугу 670 метрди, айдоо бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт, эки тарабында тең 2 метрден тротуар каралган. Учурда бордюрлар жана суу агызуучу лотоктор орнотулган, асфальт-бетон төшөө үчүн негизи даярдалууда. Мэр иштерди тездетүүнү жана сапатты катуу көзөмөлдөөнү тапшырды.
Көчмө жыйындын жыйынтыгында мэр шаардагы көмүр базаларын кыдырды. Ал муниципалдык инспекцияга рейд жүргүзүп, аймактардын санитардык абалын текшерүүнү, шаарга кирген жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн жууп-тазалоо үчүн жогорку басымдагы жуучу шаймандарды орнотууну, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте көмүр баасына болгон көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.










