Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев  "Бишкексельмаш" отканасына  барып, ал жерде учурдагы өндүрүш процесстери, жаңы иштеп чыгуулар жана алдыдагы жылдары ишке ашыруу пландаштырылган ири долбоорлор менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр ишканада чыгарылып жаткан жаңы, заманбап автономдуу казандарды карап чыгып, борбор калаада туруктуу жылуулук менен  камсыз кылуу үчүн альтернативдүү жылуулук булактарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мэр өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар сунуштарды киргизип, жаңы технологияларды ишке ашырууну тездетүүгө багытталган тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ишкана  Бишкек жылуулук электр борборунан көз карандысыз түрдө шаардагы бир нече райондорду жана көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан автономдуу газ казандарын чыгарууну улантууда. Долбоор жылуулук жоготууларын азайтууга жана шаардык жылуулук системасынын бир эле булакка болгон көз карандылыгын төмөндөтүүгө багытталган.

Мэрдин айтымында, чыгарылган казандардын ар биринин кубаттуулугу 10 МВт (жалпысынан 70 МВт) болгон заманбап газ казандары сыноодон ийгиликтүү өтүп, газ менен камсыздоо калыбына келтирилгенден кийин ишке киргизүүгө даярдалууда. Ал ошондой эле ата мекендик жабдуулардын баасы чет өлкөлүк аналогдордон 3–4 эсе арзан экенин, ошол эле учурда сапаты жана техникалык көрсөткүчтөрү боюнча алардан кем калбастыгын белгиледи.

Автономдуу казан агрегаттарын түзүү жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат, системанын натыйжалуулугун камсыздайт жана шаардын инфраструктурасынын тышкы факторлорго туруктуулугун жогорулатат.