2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Эл аралык зомбулукту жоюу күнүнө карата жыл сайын өтүүчү "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" эл аралык өнөктүгү башталды.
Бул жылы өнөктүк Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгынын алкагында "Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригүү" деген жалпы ураан астында өткөрүлүүдө. Өнөктүк 10-декабрга, Эл аралык адам укуктары күнүнө чейин уланат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, жеке сектордун, медиа коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Антье Граве ачышты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева да катышты.
Ачылыш аземинде санариптик зомбулук көрүнүшүн талкуулоого, мыйзам чыгаруу жана практикалык кемчиликтерди аныктоого жана артыкчылыктуу көп тармактуу жооп чараларын иштеп чыгууга багытталган "Коркуусуз санариптик эркиндик: ар бир адам үчүн коопсуздук!" аттуу панелдик талкуу болду.
Өнөктүк бир катар маалыматтык жана билим берүү иш-чараларын камтыйт, анын ичинде "Аялдардын тең укуктары жана коопсуздугу" Улуттук диалогуна катышуу, тематикалык иш-чаралар жана жолугушуулар, ири соода борборлорундагы флешмобдор, социалдык кызмат көрсөтүүчү кызматкерлер үчүн окутуу семинарлары, ата-энелер менен мугалимдердин жолугушуулары жана мектептердеги класстык сааттар, ошондой эле аялдар жана кыздар үчүн акысыз медициналык кароо жана аялуу топторго жардам берүү.





