Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу  департаменти райондук администрациялар жана мамлекеттик органдар менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссиянын ишин улантууда.

Свердлов райондук комиссиясы тарабынан 11 материал жактырылды.

Октябрь райондук комиссиясы тарабынан  56 материалды схеманы иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Бул багыттагы иштер уланууда.