Астанада өткөн эл аралык самбо боюнча мелдеште Бишкектеги №42 мектептин 9-классынын окуучусу Эрхан Ормонбеков мыкты даярдыкты жана чеберчиликти көрсөтүп, өз салмак категориясында биринчи орунду ээледи.
Турнирге бир нече өлкөлөрдөн келген күчтүү спортчулар катышып, мелдештин деңгээли абдан жогору болду. Эрхандын так техникасы, чыдамкайлыгы жана чечкиндүүлүгү ага финалда ишенимдүү жеңишке жетүүгө жардам берди.
Бул анын талыкпаган машыгуусунун жана спортко чын жүрөктөн берилгендигинин натыйжасы.

