Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн спортчулары Токио шаарында өткөн XXV Сурдлимпиада оюндарынын мелдешинде ийгиликтүү жеңишке жетишти.
Мелдештерге дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн мыкты спортчулар катышты.

Бишкектик спортчулардын эсебинде бир алтын жана эки коло медаль болду:
•Жумакадыров Смадияр — 1-орун (60 кг, грек-рим күрөшү), Сурдлимпиада чемпиону;
•Бигельдиев Динмухамед — 3-орун (67 кг, грек-рим күрөшү), коло медал ээси;
•Абдурахманов Нарту — 3-орун (97 кг, грек-рим күрөшү), коло медал ээси.

Спортчуларды жеңиши менен куттуктайбыз жана эл аралык ареналарда жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайбыз!