«Жеңиш» спорт мектебинин календардык планына ылайык, 2025-жылдын 22-ноябрында 18 жашка чейинки жаштар арасында «Эркин пирамида» түрү боюнча бильярд мелдеши өткөрүлдү. Мелдешке спорт мектебинин тарбиялануучулары катышышты.
Жаш спортчулар бильярд спортуна болгон жогорку кызыгуусун, ишенимдүү оюндары менен чеберчиликтерин көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Мелдештин жыйынтыгына ылайык жеңүүчүлөр:
•1-орун - Артур Огобаев;
•2-орун - Нурболот Алмазбеков;
•3-орун - Чыңгыз Мирбек уулу.




