Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды, анын ичинде ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумун өткөрүүгө байланыштуу, 2025-жылдын 25-ноябрынан  27-ноябрына чейин шаарда айрым объектилердин иштөө режимине жана транспорт кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө жана расмий делегациялардын маршруттары боюнча унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Маршруттарды алдын ала пландаштырууну суранабыз.

Санитардык тазалоого байланыштуу аталган күндөрү - "Ош базары", "Сары-Өзөн"  базарлары жабык болот.

Мындан тышкары, ЖККУ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында расмий иш - чараларды өткөрүү мезгилинде, ошондой эле алдыдагы шайлоолорду жана андан кийинки билим берүү мекемелерин окуу процессине-санитардык иш-чараларды өткөрүүгө даярдоо зарылдыгын эске алуу менен борбордогу бардык мектептер 25-ноябрдан 1-декабрга чейин онлайн-окутууга которулат. Окуу сабактары бекитилген окуу пландарына жана графиктерге ылайык онлайн форматта өткөрүлөт. Окуу программаларынан артта калуу болбойт. 2-декабрдан баштап сабактар кадимки форматта улантылат. Борбор калаадагы жогорку окуу жайлар 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин онлайн окууга өткөрүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардын коопсуздугун камсыз кылуу жана расмий иш-чараларга даярдоо боюнча убактылуу чараларга карата тургундардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.