Социалдык кызматкерлердин жумуш шарттарын колдоо жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылдын ноябрь айында социалдык кызматкерлер үчүн атайын жумушчу кийимдерди сатып алды.
Бекитилген штаттык санга ылайык, Бишкектеги Социалдык өнүктүрүү департаментинде жалпысынан 84 социалдык кызматкер иштейт. Бул социалдык кызматкерлердин 30у оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөр жана балдар менен иштешет, ал эми 54 социалдык кызматкер жалгыз жашаган жана камкордукка муктаж болгон 562 улгайган жаранга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга кызмат көрсөтөт.
Социалдык кызматкерлердин негизги функциялары:
- оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо жана колдоо;
- арыз ээлеринин жашоо шарттарын текшерүү;
- документтерди калыбына келтирүүгө жана даректүү социалдык жардам алууга көмөктөшүү;
- оор кырдаалдагы балдарды аныктоо жана алып кетүү боюнча рейддерге катышуу.



