Жаңы жылдык иш-чараларды уюштурууда ашыкча чыгымдардын алдын алуу, ошондой эле коомдук тартипти камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы тиешелүү буйрук кабыл алды.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына, карамагындагы мекеме-уюмдарына, аймактык бөлүмдөрүнө, ошондой эле муниципалдык ишканалары менен мекемелерине жаңы жыл майрамына арналган корпоративдик (көңүл ачуучу) иш-чараларды уюштуруу үчүн акча каражатын чогултууга тыюу салынат.

Жыл жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди куттуктоо жана сыйлыктарды тапшыруу сыяктуу расмий иш-чараларды гана өткөрүүгө уруксат берилет жана алар да административдик имараттардын ичинде гана уюштурулушу керек.

Бишкек шаарынын мэриясы карамагына кирген бардык уюмдардын жетекчилерине акча чогултууга жана жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбешин көзөмөлдөөнү камсыз кылуу тапшырылды.