2025-жылдын 21-ноябрында ЕРӨБдүн "Жашыл шаар" долбоорунун алкагында жаңы Yutong автобустарынын биринчи партиясы — жалпысынан 20 даана Бишкекке алынып келинди.
Узундугу 12 метр болгон жаңы автобустар үч эшик менен жабдылып, заманбап талаптарга жооп берет.
Долбоор боюнча жалпысынан 95 автобус алып келүү каралган, калган бөлүгү жолдо келе жатат.
Бишкек шаарынын мэриясы борбордун автобус паркын жакшыртуу жана шаар тургундары менен меймандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча комплекстүү чараларды көрүп жатат.



