21-ноябрда борбор калаада маданият жана искусство багытындагы билим берүү системасын өнүктүрүү маселелерине арналган «ART DIALOG» форуму өттү. Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду. Форумдун жүрүшүндө тармакты өнүктүрүүгө багытталган резолюция кабыл алынды.
Форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Э.Ж. Байсалов, КР маданият министри М.К. Мамбеталиев, КР агартуу министри Д.Ш. Кендирбаева, Бишкек шаарынын мэринин орун басары В.А. Мозгачева, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, маданият жана искусство тармагындагы адистер катышты.
Катышуучулар маданият жана искусство багытындагы билим берүү системасынын учурдагы абалын, бар көйгөйлөрдү жана өнүгүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жыйындын жүрүшүндө нормативдик актыларды жаңылоо, билим берүү стандарттарын кайра кароо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, санариптик системаларды киргизүү жана маданият мекемелеринде коопсуздукту күчөтүүгө байланыштуу чечимдер кабыл алынды.
Ошондой эле жаңы музыкалык жана көркөм мектебин түзүү, усулдук борборлорду ачуу, заманбап окуу программаларын ишке киргизүү жана окуучуларды колдоо механизмдерин өркүндөтүү, анын ичинде конкурс жана фестивалдарга катышууга шарт түзүү боюнча чаралар аныкталды. Резолюция бир добуштан кабыл алынды.
Форум Кыргызстанда маданий саясатты жана маданият-искусство тармагындагы билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди иштеп чыгуу жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болду.
Форум жыл сайын өткөрүлөрү пландалууда, ал эми 2026-жылы учурдагы форумда кабыл алынган резолюциялардын аткарылышы боюнча отчет сунушталат.



