Мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында массалык түрдө бак-дарак отургузуу иш-чарасы өттү. Иш-чара SPARK экологиялык демилгесинин алкагында өткөрүлдү.

Паркта липа, клен жана башка 60тан ашык көчөттүн түрлөрү отургузулду. Мэр мындай иш-чаралардын экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү үчүн маанисин баса белгиледи.

Ал бизнес өкүлдөрүнө борбор калааны жашылдандырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алар башкаларга үлгү болоорун белгиледи.

Мэр ошондой эле "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына борбор калаада отургузулган көчөттөрдүн сапатын көзөмөлдөөнү тапшырды жана 2026-жылы 50 000ден ашык көчөт отургузуу пландаштырылып жатканын кошумчалады.

2025-жылы муниципалитет борбор калаада 15 000ден ашык дарак отургузган. Ар бир райондун көчөттөрүнө өзүнүн түстүү лентасы бар.

Компаниянын өкүлү Искендер Сулейманов да сөз сүйлөп, бизнестин борбор калаанын жашыл аймактарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп, бул демилгени улантаарын убада кылды.