Борбор калаада Бишкек шаарынын мэринин орун басары – Отун-энергетикалык комплекс департаментинин директору Нургазы Курманбековдун катышуусунда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын Жылуулук энергиясын сатуу борборунда көчмө жыйын болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын 77 миң абонентин тейлеген сатуу борборунун, ишкананын колл-борборунун, Борбордук райондун абоненттик бөлүмүнүн, ошондой эле жакында заманбап жабдуулар орнотулган сервердик борбордун иши тууралуу маалымат берилди.
Нургазы Курманбеков ишкананын борбор шаардын туруктуу жылуулук менен камсыз кылуусундагы маанилүү ролун белгилеп, бөлүмдөрдүн ишин жогору баалады.
Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге ишти мындан ары натыйжалуу уюштурууга, карыздарды өндүрүү чараларын күчөтүүгө жана жылытуу мезгилинде жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.



