2025-жылдын 22-ноябрынан баштап борбор калаада №33 жаңы электр автобус каттамы иштей баштайт.

Эми ДЕПО-2ден "Жаштар кварталы" конушуна  чейин заманбап, ыңгайлуу жана экологиялык жактан таза электр автобустары каттайт.

№33 электр автобус каттамы төмөнкү көчөлөр аркылуу жүрөт:

- Ш. Баатыр проспектиси
- Ауэзов көчөсү
- Анкара көчөсү
- Горький көчөсү
- Юнусалиев көчөсү
- Ахунбаев көчөсү
- Жукеев-Пудовкин  көчөсү
- А. Токомбаев көчөсү
- Байтик Баатыр көчөсү
- Семетей көчөсү
- Ч. Айтматов проспектиси
- А. Масалиев көчөсү
- акыркы аялдама- "Жаштар кварталы"

Урматтуу жүргүнчүлөр! Коомдук транспортту таза кармап, муниципалдык мүлккө этият мамиле кылууну суранабыз.