Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата мэр Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамоталар жана кол сааттар тапшырылды.
Куттуктоо сөзүндө мэр укук коргоо органдары менен биргелешкен иштин натыйжасында жетишилген натыйжаларды, анын ичинде коомдук имараттарды кайтарып алууну белгиледи.
Мисал катары ал 2025-жылдын алгачкы 10 айында 7000 мыйзамсыз курулушту токтоткон Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын ишин келтирди.
«Бирок бул иштер укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттерсиз мүмкүн болмок эмес. Ошондой эле бүгүн кайтарылып алынган бала бакчаларда оңдоо иштери жүргүзүлүп, аларды элдин керегине берип жатабыз. Муниципалитеттин бүгүнкү жетишкендиктеринде сиздердин салымыңыздар абдан чоң», – деп кошумчалады мэр.











