Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык борбор калаада жер мунапысы боюнча иштер үзгүлтүксүз уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жер мунапысына туш келген объекттер  боюнча комиссиялардын ишин улантууда.

Биринчи май районунда 34 арыз жактырылды. 140 арыз боюнча схеманы иштеп  чыгуу үчүн Бишкек шаар куруу  жана архитектура башкы башкармалыгына жөнөтүү чечими кабыл алынды. Ал эми 148 арыз боюнча иштер жобого ылайык жүргүзүлөт.

Жалпысынан комиссия 322 жарандын арызын карап чыгып, алар боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бул багыттагы иштер улантылат.