Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масато Канда Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен жолугушуп, "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын №2 автобекетине барды.
Иш сапардын максаты — "Шаардык транспортту электрлештирүү" долбоорунун алкагында алынган электр автобустарынын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана инфраструктурасы менен таанышуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров долбоор, анын негизги компоненттери жана ишке ашыруу абалы жөнүндө кеңири маалымат берди. ДЕПОнун курулуш этаптарынын сүрөттөрү, "Пилоттук жашыл коридордун" 3D-анимациясы жана электробустардын айдоочулары үчүн окутуу симуляциясы көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө делегация инфраструктура, кубаттоочу станциялар жана электробустарынын жаңы функциялары, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүүлүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү жана долбоордун өнөктөштөрү менен биргеликте сүрөткө түшүү менен аяктады.



