"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы Кустанай көчөсү, 121 дарегинде жайгашкан №1 базаны реконструкциялоо боюнча тендер башталганын жарыялайт.

Тендер 2025-жылдын 12-ноябрынан 29-декабрына чейин Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) "Жашыл шаарлар 2" программасынын, "Терезе 2" жана "Бишкек автобустары" компонентинин алкагында өткөрүлөт. Сатып алуу процесси ЕРӨБдүн подрядчыларды тандоо жана сатып алуу боюнча белгиленген эрежелерине жана жол-жоболоруна толук ылайык жүргүзүлүүдө.

Реконструкциялоонун негизги максаты-ишкананын инфраструктурасын модернизациялоо, автобустук паркты сактоо жана техникалык тейлөө шарттарын жакшыртуу, ошондой эле борбордун транспорттук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы бардык кызыкдар компанияларды жана уюмдарды тендердик документтерди карап чыгууга жана тендерге катышууга чакырат.