Мэр Айбек Джунушалиев 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата участкалык шайлоо комиссияларынын даярдыгын текшерди.
Ал К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында жайгашкан №1046 УШКны жана Койбагаров көчөсү 35 дарегиндеги №26 мектепте жайгашкан №1123 УШКны карап чыкты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр материалдык-техникалык камсыздоого өзгөчө көңүл бурууну, интернетке туташтырууну көзөмөлгө алууну, ошондой эле объектилердин айланасын иретке келтирүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, мэр №132 бала бакчадагы оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерип, колдонулган материалдардын сапаты жакшы экенин белгиледи.
Ошондой эле, мэр курулуш иштеринде ата мекендик өндүрүштүн материалдарын колдонуу зарылчылыгын белгилеп өттү.






