Борбор калаада Ала-Тоо аянтын жаңы жылга карата жасалгалоо боюнча даярдык иштери башталды. Шаардыктардын каалоо-тилектерин жана сунуштарын эске алуу менен, быйыл эс алуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында башкы балаты аянттын түндүк тарабына орнотулат — бул эс алуучу аймакты, үй-бүлөлүк сүрөткө түшүү зонасын жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Тынчтык жөнүндө мыйзамдын талаптарын жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча сунуштарды эске алуу менен борбордук аянтты жасалгалоонун планы жана иш алгоритми түзүлдү. Бардык чечимдер энергияны үнөмдөөгө, коопсуздукка жана шаар тургундарынын ыңгайына жараша кабыл алынууда.

Шаардын муниципалдык кызматтары жаңы жылдык балатынын орнотулушун жана жасалгаланышын камсыздап жатат. Жасалгалоодо өткөн жылдары алынган материалдар — жарык гирляндалар, декоративдик элементтер, оюнчуктар жана кичи архитектуралык формалар максималдуу колдонулат. Ар жылы бул элементтерге жаңы дизайн берилет жана кайра пайдаланылат.

Белгилеп кетсек, негизги гирляндалар акыркы үч жылда алмаштырылган эмес. Ошондуктан быйыл балаты үчүн энергияны үнөмдөөчү  жаңы гирляндалар жана балаты оюнчуктары алынат. Толук жасалгаланган балатынын энергия керектөөсү 53 кВт·с түзөт.

Өткөн жылдагыдай эле, мэрия майрамдык жасалгалоого салым кошкон бизнес өкүлдөрү менен иш алып барат. Мунун аркасында шаардык бюджетке кошумча каржылык жүк келбейт. Быйылкы жасалгалоонун өзгөчөлүгү — муз аянтчасынын орнотулушу болмокчу. Өткөн жылы муз аянтчасынын аянты 400 кв.м. болсо, быйыл болжол менен 1400 кв.м. түзөт. Аба ырайы жылуу болуп турганда муз аянтчасын иштеп туруу үчүн электр энергиясынын керектөөсү 30 кВт/с чейин жетиши мүмкүн.

Жакынкы күндөрү бекитилген долбоорго ылайык, сейилдөө зонасы жана фуд-зоналары жасалгалана баштайт. Быйыл шаардыктар үчүн кененирээк мейкиндикти түзүү, ошондой эле   шаардык электр тармактарына түшкөн жүктү оптималдаштыруу максатында үйлөрдүн саны 36дан 14кө кыскартылды. Андан тышкары, ар бир үйдүн  максималдуу энергия жүгү өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге азайтылды. Объектке керектүү кубаттуулук болжол менен 2 кВт болот.

Өткөн жылы өнөктөштөр аянтты жасалгалоого болжол менен 28 млн сом салым кошушкан. Быйыл алардын салымы көбөйөт, анткени сейилдөө зонасынын реквизиттери, жасалгалоо элементтери, үйлөр жана декоративдик конструкциялар толугу менен жаңыртылууда.

Монтаж иштеринде: гирляндалар текшерилип, негизги конструкциялар жана декоративдик элементтер орнотулууда. Даярдык иштерине тартылган кызматкерлер үчүн ысык тамакты уюштурулуп, эмгек шарттары камсыздалды.

Ала-Тоо аянтынын жаңы жылдык жасалгасы салттуу түрдө заманбап элементтерди, майрамдык маанайды жана улуттук стилин айкалыштырат. Монтаж иштерин декабрдын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

Сейилдөө зонасы, фуд-зона жана массалык иш-чаралар саат 22:00гө чейин иштейт.