Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылууда.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча комиссиянын ишин улантууда.
Ленин районунда 205 материал жактырылды, 131 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мындан тышкары, 264 материал тиешелүү корутунду берүү үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгына жөнөтүлдү. Жарандардын жазган арыздарынын негизинде 175 материалды кароодон баш тартуу чечими кабыл алынды.
Белгилей кетсек, комиссия тарабынан жалпы 775 жарандын арызы боюнча чечимдер кабыл алынды.
Бул багыттагы иштер улантылат.



