Бишкек шаарында жаңы №3 насостук станция ачылды. Ал негизги жылуулук тармактарынын гидравликалык абалын жакшыртуу жана борбор калаанын борбордук жана батыш бөлүктөрүнүн тургундарын жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн курулган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев жана башкалар катышты.

Мэр жаңы станция Бишкектин жылытуу системасын жакшыртууга багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи. Ал шаарыбызды жылуулук менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылат.

“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы 143 миңден ашык абонентти жылуулук менен камсыз кылат жана шаардын маанилүү өнөр жай ишканаларынын бири болуп саналат. Ишкананын кызматкерлеринин талыкпас эмгегинин жана тынымсыз ишинин аркасында шаардагы ар бир үйгө жылуулук берилип, шаар тургундарынын жыргалчылыгы, ыңгайлуулугу   камсыздалууда. Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу - татаал жана жооптуу иш экенин баса белгилегим келет. Бүгүн ачылып жаткан станция - көп жылдык пландоо жана курулуш иштеринин жемиши», - деп кошумчалады мэр.

Иш-чаранын алкагында станциянын аймагына көчөттөр отургузулду.

Курулуш 1986-жылдан бери пландаштырылган, бирок ар кандай себептерден улам кечеңдеп, 2024-жылы башталган.

Долбоор үчүн жалпысынан 0,85 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Иштерди конкурстук тендердин жеңүүчүлөрү жүргүзүшкөн: долбоорлоону «Кыргызгипрострой» ААК жүргүзгөн, ал эми курулуш-монтаждоо иштерин CRBC консорциуму жана «Технотоп» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Курулуш учурунда Аламүдүн дарыясынын батыш жээги бекемделди, узундугу 120 метр болгон өтмөк канал курулду, диаметри 1000 мм болгон төрт түтүк төшөлдү жана аянты 576 м² болгон насостук станциянын имараты тургузулду. Объекттин курамында ар бири 2500 м³/саат кубаттуулуктагы сегиз заманбап насос, ошондой эле эки трансформатору бар трансформатордук көмөкчордон бар.

Бишкек көмөкчордонунан электр кабелдик линиялары төшөлүп, автоматташтыруу жана башкаруу жабдуулары орнотулду. Осмонкул көчөсүндөгү жол реконструкцияланып, асфальт төшөлүп, тротуарлар жана дренаж системасы орнотулду.

Жаңы насостук станциянын ачылышы борбор калаанын жылытуу системасын модернизациялоодогу маанилүү кадам болуп саналат жана жылытуу мезгилинде керектөөчүлөргө жылуулук менен туруктуу камсыз кылат.