"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Жол тар көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоону аяктады.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Ананьев көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейинки жол тилкесинде капиталдык оңдоо иштерин жүргүздү.

Анын алкагында топуракты иштетүү, негизди даярдоо жана ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөө боюнча иштер аткарылды. Өткөн дем алыш күндөрү жаңы асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды.

Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жашоочулардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында иштер пландуу тартипте жүргүзүлдү.