“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы коллектордук-дренаждык тармактарды   тазалоо боюнча пландалган иштерди жүргүзүүдө. Тазалоо иштери кол менен да, атайын техникалар менен да жүргүзүлүүдө.

Шаар боюнча жалпы коллектордук-дренаждык тармактардын узундугу 80,6 км түзөт, анын ичинде:
•ачык КДТ — 64 000 метр;
•жабык КДТ — 16 600 метр.

Эскертсек, ачык жана жабык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жылына эки жолу, жазда жана күздө жүргүзүлөт.

Негизги көңүл жер астындагы суулардын деңгээли эң жогору болгон аймактарга бурулууда, айрыкча Биринчи Май жана Свердлов райондорунун конуштарына. Каналдардын нуктарында ылай топтолуп, камыш өсүп кетүү учурлары көп кездешет. Бул болсо системанын кадимки иштешин камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз тазалоону талап кылат.

Жабык коллектордук-дренаждык тармактардын иштешин татаалдаштырган негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр:

-жергиликтүү тургундардын мыйзамсыз кошулуп, тиричилик калдыктарын агызуусу;

-дренаждык тармактар өткөн тилкелерге өз алдынча тосмолорду орнотуу;

-кудуктардын капкактарын  уурдоо, бул   коркунуч жаратып, тейлөө иштерин кыйындатат.

Урматтуу борбор шаарыбыздын тургундары!
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы сиздерди ирригациялык тармактарга таштанды таштабоого,  муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга жана шаардык кызматкерлердин эмгегин урматтоого чакырат.