2025-жылдын 18-ноябрында Бишкекте ТЧЧК аркылуу өтүүчү, Шүкүров (мурунку Кропоткин) жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө ачылды. Үч айдын ичинде бул жерде шаар тургундары көптөн күткөн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу объект курулду. Эми бул багыттагы кыймыл түз жана ыңгайлуу болуп, шаардын транспорттук байланышын жакшыртат.
Объектте курулуш иштеринин толук комплекси аткарылып, узундугу 14 метр болгон устундар орнотулду, эки катмар асфальт төшөлдү, жол сызыктары жана керектүү белгилер коюлду. Көпүрөнүн жүрүү бөлүгү эки тилкелүү, туурасы 10 метрди түзөт. Эки тарабына тең жөө кишилер үчүн туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар жасалды. Түнкү коопсуздук үчүн беш даана чырак мамысы орнотулду. Көпүрөнүн жалпы узундугу 17 метр, туурасы 9 метр.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, жакынкы үйлөрдүн тургундары жана башка коноктор катышты.
Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Долбоор 2024-жылы «Бишкекбашкыархитектура» мекемеси берген АГЗнын негизинде иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөн.
Мэр бул башталышы гана экенин, кийинки кадам шаар тургундары да чыдамсыздык менен күтүп жаткан Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн ачылышы экенин белгиледи.
Жаңы көпүрө толугу менен ишке киргизилди жана жол кыймылы үчүн ачык.











