«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын подряддык уюму 9-Январь көчөсүнүн Мессарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштерин аяктады.
Дефекттик ведомостто каралган иштердин алкагында эски асфальт катмары алынды, инженердик кудуктар көтөрүлдү, тротуар жана жол бордюрлары, ошондой эле ирригациялык система орнотулду. Негиз даярдалгандан кийин жолчулар ысык асфальтобетон аралашмасын төшөштү.
Кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен тосмолорду жана тиркемелерди демонтаждоонун аркасында жол кыйла кеңейди. Бул транспорттун жана жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын мурдагыдан да коопсуз жана ыңгайлуу кылууга мүмкүндүк берди.
Бүгүнкү күндө асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда инженердик кудуктарды көтөрүү иштери улантылып, андан кийин жол белгилерин орнотуу жана тиешелүү жол чийиндерин чийүү башталат.
Жаңыланган жана кеңейтилген жол жергиликтүү тургундар үчүн гана эмес, №49 мектептин окуучулары үчүн дагы коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле аталган мектепке алып баруучу Дубосековский тилкесинин капиталдык ремонту дагы аяктады.






