КМШга мүчө мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын (Омбудсмендеринин) комиссиясынын алтынчы жыйыны Минск шаарында (Беларусь) өттү.
Иш-чарага Комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана КМШнын Аткаруу комитетинин Балдардын укуктары боюнча комиссарларынын аппараттарынын кызматкерлери катышты.
Бишкек шаарынын мэриясынын атынан жыйынга мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Жыйында тилемчилик менен алектенген балдардын көйгөйлөрү, ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдарды үй-бүлөлүк негизде жайгаштыруу маселелери каралды. Ошондой эле балдардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоону уюштуруу, алардын укуктарын коргоо жаатындагы иш-чаралар жана мыйзам менен жаңжалга чыккан өспүрүмдөр менен иштөө маселелери талкууланды.

