Президент Садыр Жапаров “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан бир катар социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты
Аянты 10,5 гектарга жакын аймакта билим берүү, тарбиялоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча заманбап комплекс түзүлдү. Анын негизги объектиси болуп 5 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген, 570 окуучуга ылайыкталган жана 20 заманбап кабинет жана өзүнчө музыкалык блок менен жабдылган эки кабаттуу жаңы мектеп саналат.
Комплексте ошондой эле аянты 1,6 миң чарчы метрден ашык, 140 орундуу эки кабаттуу бала бакча, ошондой эле 40 миңге чейин жашоочуну тейлөөгө ылайыкталган аянты болжол менен 1,3 миң чарчы метр болгон үй-бүлөлүк медициналык борбор бар.
Жакынкы аралыкта комплекстин аймагында кошумча спорттук аянтча жана воркаут зонасы курулат.
Бул аймакта социалдык объектилерди куруу Мамлекеттик резиденциянын жерлеринин бир бөлүгүн социалдык жана билим берүү муктаждыктары үчүн бөлүп берүүнү тапшырган Президенттин демилгесинин аркасында мүмкүн болду. Буга чейин Чоң-Арык айылынын тургундары билим берүү мекемелеринин жоктугу маселесин чечүүнү өтүнүп кайрылышкан.
Мамлекет башчы өз сөзүндө бүгүн дүйнө билим менен өнүгүп, илим менен ар кандай бийиктиктерге жетип жатканын белгиледи. Ар бир мамлекет өз ийгилигин билимдүү жарандары аркылуу курууда.
“Биз да мындай дүйнөлүк өнүгүү агымынан артта калбашыбыз керек. Ошондуктан мамлекетибиздин башкы максаты – өлкөбүздүн бардык аймактарындагы балдарга сапаттуу билим берүүгө толук шарт түзүү. Бул максатта акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык дубандарында жаңы, заманбап талаптарга жооп берген мектептер салынууда. Буга баарыңыздар күбө болуп жүрөсүздөр. Бүгүн ачылып жаткан объектилер дагы ошол системалуу саясаттын бир мисалы”, - деди Садыр Жапаров.
Ал бүгүнкү ачылып жаткан имараттар – социалдык саясат жаатындагы жүргүзүлүп жаткан кеңири иштердин бир гана бөлүгү экенин белгиледи. Мамлекет мектеп, бала бакча, оорукана инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.
“Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгында республика боюнча жалпысы 118 мектеп менен бала бакчанын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүтүп, пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 32 мектептин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери аяктайт.
Быйыл бюджеттин эсебинен республика боюнча 25 оорукана, поликлиника курулуп жатат. Андан тышкары, 22 саламаттык сактоо объектиси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Келерки жылы Бишкекте жарандарыбыз бардык адистештирилген медициналык кызматтарды бир жерден ала тургандай 5 миңден ашуун койкага ылайыкташтырылган медициналык шаарчанын курулушу башталат”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы жана ушундай масштабдуу иштер элдин жашоо деңгээлин жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Бул – мамлекетибиздин адамдык капиталга багытталган туруктуу саясатынын жыйынтыгы.
Садыр Жапаров мугалимдерге кайрылып, жаңы муунду тарбиялоодо талыкпай эмгектенип жаткан, ошондой эле ар бир балага кам көрүп, көңүл бурган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирди. Президент мамлекет билим берүү системасын жаңыртуу процессинде мугалимдердин ролун жогору баалай турганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө учурда мугалимдердин орточо айлык акысы 26 миң сомду түзөрүн, ал эми кийинки жылдын 1-апрелинен тарта көтөрүлгөндөн кийин 40 миң сомго жакын болорун белгиледи.
“Шаар жергесинде орто билим берүү мектебинде орто билим бар, жаңы келген, тажрыйбасы жок мугалим көтөрүлгөндөн кийин 22 миң сомдун тегерегинде алат. Ал эми айыл жергесинде орто билим берүү мекемесинде эмгектенген билим даражасы “бакалавр” кыргыз тил мугалиминин эмгек акысы учурда 23 151 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 27 360 сомду түзөт. Алыскы тоолуу жергесинде орто билим берүү мектебинде эмгектенген жогорку билимдүү математика мугалими учурда эмгек акысы 65 809 сом болсо, көбөйгөндөн кийин 80 860 сомду түзөт”, - деди Президент.
Жыйынтыгында ал ата-энелердин активдүү катышуусу, алардын мектеп менен тыгыз кызматташуусу жана мугалимдердин колдоосу аркылуу балдар билимдүү гана эмес, тарбиялуу, мекенчил жарандар болуп чыгышарын белгиледи. Мамлекет башчысы келечекте бүткүл өлкө боюнча заманбап мектептер, бала бакчалар жана медициналык мекемелер курулуп, бул ар бир жарандын билим алууга жана саламаттыкты сактоого болгон укугун камсыз кылууга мүмкүндүк берерине ишеним билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров социалдык объектилердин инфраструктурасы менен таанышып, окуу имаратын, бала бакчаны жана медициналык борборду көрүп чыкты.






























