Шаар мэри Айбек Джунушалиев шаарды жашылдандыруу иш-чараларынын алкагында күзгү көчөттөрдү отургузууга катышты.
Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишине 14 тал отургузулду. Байтик Баатыр көчөсү менен кесилишкен Саманчин көчөсүндө дагы клен көчөттөрү тигилди.
Күзгү отургузуу башка жерлерде да болду. Ошентип, бүгүн борбор калаанын аймагына 500дөн ашык көчөт отургузулду.
Отургузуунун алкагында мэр "Бишкекжашылчарба" ишканасына өсүмдүктөргө өз убагында кам көрүүнү тапшырды. Айбек Джунушалиев ошондой эле муниципалитет жашыл мейкиндиктерди кеңейтүү, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана көчөлөрдү жакшыртуу боюнча системалуу аракеттерди улантып жатканын белгиледи.
Жылдын аягына чейин борбор калаада 15 000ден ашык жаңы көчөттөр отругузулат деп күтүлүүдө. Эске сала кетсек, жазында 7824 бак-дарак отургузулган.













