Район башчысы милиция кызматкерлеринин коомдук коопсуздугун коргоодогу, кылмштуулукка каршы күрөшүүдөгү  салымы чоң экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалады.


Биринчи май районунун башчысынын 2016-жылдын 28-октябрындагы буйругу менен ак ниет жана жемиштүү эмгеги үчүн Биринчи май райондук администрациясынын ардак грамоталары менен төмөнкүлөр сыйланышты.


- милициянын подполковниги Алиев У.


- милициянын капитаны Кулматов М.


- ага лейтенант Шаршенбаев А.


- милициянын лейтенанты Жолдошбаев А.


Мындан тышкары, райондук администрациянын атынан Биринчи май районунун Ички иштер башкармалыгына 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай каражат берилди.