"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы "Ак-Ордо" конушундагы Чолпон көчөсүнүн Долон-Бий көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Буга чейин аталган тилкеде асфальт болгон эмес. Учурда жол бригадасы жолду даярдоону  жана жол бордюрларын орнотууну аяктап жатат. Буга катар тротуарлардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жакынкы күндөрү тротуарлардын бордюрларын орнотуу жана  кудуктарды оңдоо пландаштырылууда.

Шаардыктардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жолдун эки тарабына тротуар уюштурулат.

Бишкек шаарынын жол инфратүзүмүн  жакшыртуу боюнча иштер 2025-жылга карата титулдук тизмеге ылайык аткарылууда.