"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жолчулары шаардык жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин аяктоодо.

Учурда Дубосековская көчөсүнүн Месарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин аталган тилкеде эски асфальтты алуу, ирригациялык системаны орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылган.