Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жана коммуналдык ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте  борбордун көчөлөрүн кыдырып, жүргүзүлүп жаткан оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектинен Чүй проспектисине чейинки бөлүгүнүн эки тарабында тең тротуар курулууда. Бул бөлүктөгү иштер "Бишкек шаардык телефон тармагы", "Түндүкэлектр" жана "Бишкек ЖЭС" тарабынан орнотулган коммуналдык линиялардын жылдырылышына байланыштуу кечеңдеп жатат.

Айбек Джунушалиев бул иштерди беш күндүн ичинде аяктоону тапшырды. Эгерде мөөнөт сакталбаса, муниципалитет ишти өзү аткарат, ал эми чыгымдар тиешелүү ишканалардын эсебинен өндүрүлөт.

Ошондой эле мэр веложолду сапаттуу куруунун маанисин белгилеп, бул тилкеге П-түрүндөгү светофорлорду орнотуу маселесин кароону тапшырды.

Калаа башчысы мыйзамсыз унаа токтотууга каршы көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылды. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери ошол жерде эле эреже бузган айдоочуларга протоколдор түзүштү.

Медеров көчөсүндө мэр БШТТ  тарабынан аткарылып жаткан иштердин жай темпине нааразычылыгын билдирди. Ал процессти тездетүүнү, зарыл болсо, кошумча подрядчыларды тартууну жана мөөнөттөрдү сактабагандыгы үчүн жаза чараларын көрүүнү тапшырды.

"4-5 жыл күтүүгө убактыбыз жок. Заманбап технологияларды жана ыкмаларды колдонуңуздар, иштерди ыкчам бүтүрүңүздөр, ошону менен бирге сапатты жана коопсуздукту так сактаңыздар", – деп белгиледи Айбек Джунушалиев.

Восточная көчөсүн текшерүү учурунда бир тургун мэрге коомдук транспортту уюштуруу жана автобус аялдамасын орнотуу өтүнүчү менен кайрылган. Ошондой эле тургун муниципалдык кызматкердин расмий жоопто көрсөтүлгөн номерге жооп бербегенине нааразы болгон.

Мэр жеке өзү көрсөтүлгөн номерге чалды, бирок жооп болгон эмес.

Текшерүүдөн кийин Айбек Джунушалиев жооптуу кызматкерге сөгүш берип, документтерде көрсөтүлгөн байланыш номеринин тактыгын текшерүүнү тапшырды.  Ошондой эле мындай учурлар кайталанса, кызматтан бошотууга чейинки тартиптик чараларды көрүүнү талап кылды.

Андан соң мэр Ч.Айтматов проспектисиндеги жер алдындагы өтмөктүн курулушун текшерип, бул тилкеде кыймылды мүмкүн болушунча эртерээк ачуу үчүн иштерди ылдамдатууну тапшырды.

Мындан тышкары, мэр мурда батири суу каптаган турак жайлардын бирине кайрадан барып, калыбына келтирүү иштерин жеке өзү текшерип чыкты.

Кыдыруунун соңунда Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү тротуарларды реконструкциялоо иштеринин сапатын карап чыгып, аткарылып жаткан иштерге көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.