2025-жылдын 7–9-ноябрында Бишкек шаарында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген мыкты балбандарды бириктирген самбо боюнча Дүйнө чемпионаты болуп өттү. Бул ири мелдеште «Ак Илбирс» ОРАБӨМдүн  тарбиялануучусу Үсөн кызы Акак үчүнчү орунду багындырды.

Акак 54 кг салмак категориясында күч сынашты. Ал пьедесталга жеткенге чейин Өзбекстандан жана Казакстандан келген атаандаштарын ишенимдүү жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык спортчу туркмөнстандык спортчу менен курч таймаш көрсөтүп, бирок жеңишти берүүгө аргасыз болду. Ошентип, ал дүйнөлүк биринчиликтин коло байгесине ээ болду.